Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:13

Х.Шоддер: Түштүктөгү тополоң Кыргызстанга гуманитардык чоң көйгөй жаратты


Бул тууралуу БУУнун Качкындар боюнча башкы башкармалыгынын комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер бүгүн Убактылуу өкмөттүн координациялык кеңешмесинде билдирди. Анын айтымында, түштүктөгү кагылышууда миңдеген адамдар жабыр тартып, жүз миңдеген атуулдар бозгун болгон.
“Кыргызстандын экономикалык абалы түштүктү кайра калыбына келтирүүгө чамасы келбейт. Ошондуктан биз эл аралык донорлорго кайрылып 72 миллион доллар каражат бөлүүсүн өтүндүк”,-деди Х.Шодер. (AJ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG