Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Парламенттин IV чакырылыштагы депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду


Бул тууралуу токтомду БШК бүгүн кабыл алды. Аталган комиссиянын төрагасы Акылбек Сариевдин айтымында, Конституциялык эрежелерге ылайык Жогорку Кеңеш таркатылгандан кийин 30 күндүн ичинде БШК депуттардын ыйгарым укуктарын токтотушу керек болчу.
“Бул маселенин мыйзамдуулук жагы так болот деп жаңы Конституциянын кабыл алынышын күткөнбүз. Баш мыйзам бүгүндөн баштап күчүнө киргенден кийин ушундай чечим кабыл алып, жаңы Жогорку Кеңешти түзүүгө жол ачылды”,-деди А.Сариев.

Буга чейин мурдагы парламенттин “Ак жол”, Кыргызстан коммунисттери фракцияларынын айрым депутаттары Убактылуу өкмөттүн Декрети менен Жогорку Кеңештин таркатылышын мыйзамсыз деп эсептеп, айрымдары өз каалоолору менен депутаттык мандаттарын таштаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG