Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Тополоң күндөрү жоголгон эки МАИ кызматкеринин сөөгү табылды


Ош шаарында иликтөө-текшерүү операциясынын натыйжасында 14-июнда жоголуп кеткен эки МАИ кызматкеринин сөөгү табылганын “Азаттыкка” шаар коменданты Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, шектүү делип кармалган алты адам жоголгон милиция кызматкерлеринин сөөгүн көрсөтүп беришкен. Мындан мурун Кара-Суу районунда бир үйдөн 37 кг гашиш, эки жарым кг апийим, героин, эки тапанча, ар түрдүү ок-дарылар табылган.

Курсан Асанов Ошто тополоң окуялардан кийин шектүү жердин баарын текшерип, элдин колундагы куралдарды алуу жана дайынсыз жоголгондорду табуу операциялары жүргүзүлүп жатканын, мындай учурларда кыргыз-өзбек деп улутуна каралбай турганын баса белгиледи.

Мындан мурда "Human Rights Watch" уюму Кыргызстанда тополоң окуяларды иликтөө учурунда жалаң гана өзбектердин саясий жана диний лидерлери кармалып жатат деп сынга алып, мыйзам бузгандардын баарын улутуна карабай кармоо керек деп тынчсыздануу билдиришкен болчу. (КС)

XS
SM
MD
LG