Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Ош мэриясына келген адамдар бийликке бир катар талаптарын билдиришти


Ош шаардык бийлигинин имаратында бүгүн эки жүзгө чукул адам нааразылык жыйынын куруп, Убактылуу өкмөттөн кыргыз армиясын интернационалдаштырууну, этникалык араздашууну уюштургандарды токтоосуз кармап жазалоону, ак жеринен камалган жигиттерди бошотууну жана дайынсыз жоголгондорду тезинен табууну талап кылышты. Ошол эле учурда Роза Отунбаева башында турган Убактылуу өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылган үндөр да жаңырды.

Жыйындын катышуучулары менен жолуккан Оштун вице-мэри Алымжан Байгазаков коюлган талаптар көңүл борборунда болорун жана жогорку бийликке кечиктирилбестен жеткирилерин билдирди.

Президент Роза Отунбаева референдумдан мурда да, кийин да калкка сүйлөгөн кайрылуу сөздөрүндө Ош жана Жалал-Абадда болгон тополоң окуялардын кесепеттерин жоюу үчүн убактылуу өкмөт бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирүүдө. Чыр-чатак болгон аймактарды калыбына келтирүү үчүн Мамлекеттик дирекция түзүлдү. Күч органдары түштүк дубандарында болгон тополоң окуялар 855 кылмыш ишин ачып, жүздөй адамды кармап суракка алууда. (АTo)

XS
SM
MD
LG