Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Россияда аракка салык көбөйтүлбөйт


Орус өкмөтү аракка салыкты көбөйтүү жөнүндөгү идеядан баш тартты. Ройтерс агенттиги премьер-министр Владимир Путиндин өкүлүнө (Дмитрий Песков) шилтеме берип, береги идея жума башында жабык эшик артында өткөн өкмөттүк жыйында колдоо таппаганын билдирди. Песковдун айтышынча, аракка салыкты көтөрүү “көптөгөн терс көрүнүштөргө, анын ичинде адамдардын ден соолугу үчүн коркунучтуу мыйзамсыз жол менен сапатсыз арак жасооого жол ачат”.

Буга чейин Россиянын Мамдумасы киреше салыгын көбөйтүү жана байманага (дүнүйө-мүлккө) салык киргизүү сунушун жактырбай койгон.

XS
SM
MD
LG