Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:37

Роза Отунбаеванын ант берүү аземи башталды


Ушул сааттарда Улуттук филармонияда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын ант берүү аземи өтүп жатат. Ага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, журналисттер, белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер чакырылган. Ант берүү аземи УТРК аркылуу түз көрсөтүлүп жатат.

Кечээ БШК 27-июндагы жалпы элдик добуш берүүнү тааныган токтом кабыл алган. Кыргызстан элинин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жаңы Конституция кабыл алынып, күчүнө кирди. Анда Убактылуу өкмөттүн “Өткөөл мезгилдеги Кыргыз Республикасынын президенти жөнүндө” Декретин бекитүү көрсөтүлгөн. Ага ылайык БШКнын токтомунда Роза Отунбаеваны Кыргыз Республикасынын президенти катары каттап, төш белгисин, күбөлүгүн жана президенттин туусун тапшыруу айтылат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG