Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Роза Отунбаева президенттик кызматка киришти


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын жаңы шайланган президенти Роза Отунбаеванын кызматка киришүү салтанаты өттү. Жаңы президент эл алдында президенттик антын берип жатып, ага берилген бир жарым жыл ичинде акыйкат коомго чыйыр салууга, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөгө бүт кудурет-күчүн жумшай турганын билдирди.

Жаңы президенттин кызматка киришүү салтанаты Улуттук филармонияда өттү. БШКнын төрагасы Акылбек Сариев Роза Отунбаевага президенттик күбөлүгүн жана штандарт менен төш белгисин тапшырды. Роза Отунбаева Конституцияны кармап президенттик антын берди.

Андан кийин эл-журтка кайрылып сөз сүйлөп, ага берилген бир жарым жыл убакытта адилеттүү башкаруу системасын түптөө башкы милдет озуйпасы экенин жар салды.

- Биздин саясат - элдин социалдык мүдөөсүнө багыт алган саясат болушу керек. Ал үчүн – элдик бийлик элге гана иштеши зарыл! “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген көөнөргүс ылакап менин Президенттик урааным болуп калат. Азыркы экономикалык, саясый , тарыхый жагдайды эске тутуу менен курулай кыялдардан алыс болуп, элге, жерге жакын сөздөрдү сүйлөйүн. Эртең асмандан айды алып берем, бүрсүгүнү майкөл-сүткөл кылам деп, орундалбай турган убадаларды бербейм. Мен , Исак кызы Роза Отунбаева, акыйкат коомго чыйыр салууну, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөнү бир жарым жыл ичинде аткара турган Президенттик озуйпам деп билемин. Ал озуйпамды орундатууга бүт кудурет-күчүмдү жумшамакчымын,-деп сүйлөдү мамлекет башчысы.

Мен, Исак кызы Роза Отунбаева, акыйкат коомго чыйыр салууну, өлкөдө адилеттүү башкаруу системасын түптөөнү бир жарым жыл ичинде аткара турган Президенттик озуйпам деп билемин.
Роза Отунбаева
Роза Отунбаеванын инаугурациясы ашыкча шаан-шөкөткө бөлөнгөн жок, жупуну өттү. Өлкө калкынын Ош жана Жалал-Абаддагы жаңы эле тынчыган кан тополоңдогу адам курмандыктарына кабыргасы сөгүлүп турган кези. Түштүктөгү кырдаал али морт, эки чоң шаарда, бир катар райондордо коменданттык саат иштеп жатат. Убактылуу өкмөт тополоң окуялардын себептерин териштирип, кесепеттерин жоюнун үстүндө иш алып барууда.

27-июнда болгон референдумда элден колдоо тапкан Конституция боюнча Кыргызстанда президенттин бийлиги чектелип, негизги бийлик парламенттин колунда болот. Ошол референдумда Конституция менен кошо кабыл алынган Баш мыйзамды ишке киргизүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык Роза Отунбаева бир жарым жылга президент болуп шайланды. Ошон үчүн расмий аталышта ал өткөөл мезгилдин президенти деп айтылат.

Президент мыйзамдуулукка кепил болуп күзүндө парламенттик шайлоону таза жана акыйкат өткөрүп бериши керек. Шайлоодо утуп чыккан саясий күчтөр күзүндө жаңы өкмөт курап, мамлекет легитимдүү бийлик бутактарына ээ болушу керек. Президенттик шайлоо келерки жылы өтөт.

Ошондуктан Роза Отунбаеванын негизги милдети – шайлоонун акыйкат өтүшүн камсыз кылып берүү,- дейт “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов:

- Жаңы шайланган президент Роза Отунбаева эки-үч айга техникалык өкмөттү түзүшү керек. Эң негизги милдет – алдыдагы парламенттик шайлоолорго коопсуздук жана башка шарттарды түзүп берүү. Албетте, Ош жана Жалал-Абадда үйлөрдү салыш керек, кышка даярданыш керек. Айыл чарбада бир топ иштер бар, ошонун баарын саясатташтырбастан технократ министрлерди дайындап, Кыргызстандын баарысы шайлоо менен алек бололу. Роза Отунбаевага мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек. Анткени ал элдик ишенимге ээ.

Роза Отунбаева Кыргызстанда эле эмес КМШ өлкөлөрүндө биринчи шайланган аял президент. Буга чейин эки мырза президенттен көңүлү калган кыргыз калкы чоң үмүт менен бул сапар аялдардын чыгаан ишмерине ишеним көргөзүп отурат дейт белгилүү манасчы Уркаш Мамбеталиев. Анын айтымында, аялдардын акылмандык, жолбашчылык сапаттарын таануу, баалоо кыргыздын өзүнүн улуттук маданиятына, нарк-салтына шайкеш чечим болуп саналат:

- Бая "Манаста" айтылгандай, "үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, үйдө жүрсө от башы, сыртка чыкса топ башы" дегендей, кыраан Каныкей энебиздин сиңдиси - Розабыз - кыргыз эли үчүн кан-жанын берип, отко-сууга түшүп, иштеп берем деп антын берип отурат. Мурунку ажолорубуз анттарын аткарбай кетти. Эми үчүнчү президентибиз антына бекем туруп, асмандан түшкөн куттай кыргыз элине жакшылыгын берсин. Ылайым ушунубуз кут болсун!



Роза Отунбаева ант берди

Роза Отунбаева ант берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00













Роза Отунбаеванын эмгек жолунун таржымалы


Роза Отунбаева совет мезгилинде коммунисттер өстүрүп чыккан кадр. Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин 1975-жылы окуп бүткөн. Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп эмгек чыйырын баштаган, 1986-89-жылдары Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп кызмат кылган. 1989-жылы СССРдин Тышкы иштер министрлигине ишке чакырылып, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы, андан кийин төрагасы болуп иштеген.

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Улуу Британияда элчи, БУУнун Башкы катчысынын Грузиядагы атайын өкүлү.

2005-жылы март революциясында оппозициянын алдында, экс-президент А. Акаев белгилегендей, оппозициянын локомотиви болгон. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеп келди.

XS
SM
MD
LG