Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:50

Саламаттыкты сактоо министрлиги Евробиримдиктен жардам суроодо


Кыргызстандые саламаттыкты сактоо министри Дамира Ниязалиева бүгүн Евробиримдиктин Эл аралык кызматташтык жана гуманитардык жардамдар боюнча комиссары Кристалина Георгиева менен жолукту. Анда өзгөчө кырдаалдар маалында өз убагында тезинен жардам көрсөтүү маселелери талкууланды. Тараптар Кыргызстанда кризистик кырдаалдарды башкаруу борборун түптөө зарылдыгы бар экендигине токтолушту. Өзгөчө кырдаал маалында жардам көрсөтүүдө автоунаалардын жетишсиздиги айтылды. Сөөктөрдү таануу иштери үчүн өлкөдө ДНК-лабораториясын түптөө демилгеси көтөрүлдү. Евробиримдиктин Эл аралык кызматташтык жана гуманитардык жардамдар боюнча комиссары бул маселелер боюнча колдоо болоруна ишендирип өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн маалымат таратты. (EK)

XS
SM
MD
LG