Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

АКШнын ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы эмес


Бул тууралуу бүгүн Польшадан АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдирди. Анын айтымында, АКШнын ракетадан коргонуу боюнча Европадагы системасы коргонуу гана максатын көздөйт жана Орусияга каршы багытталган эмес. Бүгүн Краков шаарында мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорскинин катышуусунда ракетадан коргогонуу боюнча эки өлкө ортосунда түзүлгөн мурдагы келишимге кошумча киргизилди.

АКШ президенти Барак Обама ракетадан коргонуу боюнча мурдагы президент Жорж Буштун тушунда түзүлгөн планга өзгөртүү киргизерин былтыр сентябрда жарыялаган. Ага ылайык, Иран сыяктуу өлкөлөрдүн ыктымал чабуулунан коргонуу үчүн Польшада узак аралыкка эмес, орто аралыкка учуучу ракеталарды кармай турган жабдуулар орнотулат.

Краковдогу сапары учурунда АКШ Мамлекеттик катчысы “Демократиялардын шериктештиги” деп аталган уюмдун он жылдык мааракесине да катышат. Ал уюм өз алдына дүйнөдө демократияны чыңдоо максатын койгон өлкөлөрдүн башын бириктирет.

XS
SM
MD
LG