Ишембиде түн жарымына жакын Ош шаарынын кире беришинде, ооруканада коюлган милициянын күзөт тосмосун көздөй белгисиз адамдар ок атышып, милициянын каршылыгынан кийин караңгыга сүңгүп кетишкен. Бул тууралуу «Азаттыктын» аймактагы кабарчысы Ош шаарынын коменданты Курсан Асановдун маалыматына таянып билдирди. Коменданттын айтымында окуя боюнча иликтөө иштери башталды. Шаар ичинде аскер күчтөрү коопсуздукту күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алышты.
Ош шаарында 27-июндагы референдумдан кийин кайрадан коменданттык саат киргизилген болчу. (BuS)