Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Ош шаарындагы түндөгү атышуу боюнча иликтөө иштери уланууда


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын Ош шаардык комендантуранын басма сөз кызматына таянып билдиргенине караганда, түндөгү окуяга байланыштуу иликтөө иштери уланууда. Окуя болгон жерде тазалоо иштери жүргүзүлгөн, бирок азырынча аткан тараптардын учугу табыла элек. Ош облустук комендантуранын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, бардык тосмолордо күч структуралар күчөтүлгөн режимде иштөөдө. Маалыматтарга караганда, түндөгү ок атышууда жабыркагандар болгон жок.

3-июнда түндө Ош шаарынын кире беришинде, ооруканада коюлган милициянын күзөт тосмосун көздөй белгисиз адамдар ок атышып, милициянын каршылыгынан кийин караңгыга сүңгүп кетишкен.

Ош шаарында 27-июндагы референдумдан кийин кайрадан коменданттык саат киргизилген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG