Коопсуздук чаралары Шинжаң –уйгур автоном районунун аймагында бүгүн кытайлар менен уйгурлардын ортосундагы былтыркы кагылыштын бир жылдыгынга тушташ жаңы кыянатчылыктарга жол бербөө үчүн күчөтүлдү. Былтыркы кагылыштан расмий маалымат боюнча 200дөй адам өлүп, 1700дөй киши жаракат алат. Шинжаң –уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдөн түшкөн кабарларга караганда, шаардын борбордук аянтын жакшы жабдылган полиция күчтөрү кайтарууда. Былтыркы кагылыштар башталган Элдик аянтта бүгүн полиция жана коопсуздук күчтөрүнөн башка эч ким байкалбайт. Коопсуздук күчтөрү Үрүмчүнүн уйгурлар жашаган райондорунда жайгаштырылганы да кабарланды.