Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, эгер Израиль Газа секторуна гуманитардык жүк тарткан кемеге жасаган жортуулу үчүн кечирим сурабаса же ал кадамы туура эмес болгонун моюнга албаса, Анкара Тель-Авив менен дипломатиялык мамилесин үзөт. Түркия 31- майда тогуз түрктүн өлүмү менен аяктаган бул жортуулдан кийин Израилдеги элчисин чакыртып алган жана Израилдин аскерий учактары үчүн өз аба мейкиндигин жапты. Израиль окуя боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүүдө, бирок эл аралык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү чакырыктарды четке какты жана Түркиядан кечирим сурабай турганын билдирген.