Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Р. Отунбаева: Түштүктө кырдаал оор бойдон калууда


Бул тууралуу бүгүн Астанада Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушууда билдирди. Жолугушуу ЕврАзЭШ саммитинин алкагында өттү.
Медведев Отунбаеваны жана Кыргызстандын калкын референдумду ийгиликтүү өткөргөндүгү үчүн куттуктап, бул өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусуна, алдыга жылууга шарт түзөрүнө ишеним артты.
Кыргызстандын президенти өз кезегинде кыйын кырдаалда, өлкө түштүгүндө баш аламандык болгондо колдоо көрсөткөнү үчүн Медведевге ыраазычылык билдирди. Отунбаеванын айтымында жаңжал чыккан аймак салыштырмалуу тынч, бирок кырдаал оор бойдон калууда, толук турукташуу үчүн көп күч-аракет керек.
Жолугушууда Отунбаева ошондой эле кайгылуу күндөрдөгү Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун позициясы, чечкиндүүлүгү жана эрки үчүн ыраазычылыгын айтты.
Отунбаева жабырлануучулардын жашоо-тирдигине шарт түзүүнү башкы милдет деди. Орусия президенти Дмитрий Медведев өз кезегинде Орусия Кыргызстанга жардам берүүгө, колдоого дайым даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кабарда айтылат.
Буга чейин Роза Отунбаева Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкандыгы маалымдалган. Астана сапары - Роза Отунбаева президент катары чыккан алгачкы расмий сапар. (BuS)

XS
SM
MD
LG