Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Польшадагы президенттик шайлоодо Коморовски жеңишке жетишти

Борбордук шайлоо комиссиясынын бюллетендердин 95%ы саналгандан кийинки маалыматына караганда, парламент төрагасы жана президенттин милдетин аткаруучу Бронислав Коморовски шайлоонун кечээги экинчи айлампасында берилген добуштардын 52%дан ашуунун алган. Анын атаандашы, апрель айындагы авиакырсыктан каза тапкан президент Лех Качиньскинин бир тууганы Ярослав Качиньски 47%дан ашуун добуш топтоду. Шайлоонун соңку расмий жыйынтыгы бүгүн кечке жуук жарыяланары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG