Жолугушуу бүгүн Астанада өткөн Евразия экономикалык шериктештигинин саммитинен кийин болду. Жолугушууда эки өлкөнүн кызматташуусун бекемдөө талкууланды. Анда тажик президенти Эмомали Рахмон Роза Отунбаеваны президенттик ишке киришкени менен куттуктап, Кыргызстан элине тынчтык жана өлкөнүн өркүндөп өсүүсүн каалады. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)