Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

АКШнын вице –президенти Ирактын лидерлерин туңгуюктан чыгууга чакырды


Жо Байден Ирактын саясий лидерлерин пикир-келишпестиктерди артка таштап, жаңы өкмөттү курууга чакырды. Иракта шайлоо төрт ай мурда, мартта өткөнү менен парламентке кирген саясий күчтөр өкмөттү түзүүнүн шарттарын макулдаша албай жатышат. Ирактагы иш сапарынын бүгүнкү үчүнчү күнүндө Жо Байден президент Жалал Талабани менен кездешти. Кечээ премьер- министр Нури ал –Малики анын бул кызмат үчүн атаандашы, мурдагы өкмөт башчы Ияд Аллави менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. 7- марттагы шайлоодо Аллавинин блогу ал –Маликинин альясынан бир аз көбүрөөк добуш алган. Парламентте өз алдынча көпчүлүктү куроону бул эки саясатчы тең көздөөдө.

XS
SM
MD
LG