Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Ноокат районунда сел жүрдү


Ош облусунун Ноокат районунда катуу жаанга байланыштуу сел жүрдү. Ноокат шаарында, Гүлистан, Кеңеш, Зулпуев, Кыргыз-Ата, Кара-Таш айылдарында суу ташкынынан улам турак-жайлар жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Шаңкол, Кыргыз-Ата, Каракол-Сай, Чили-Сай дарыяларынын деңгээли көтөрүлүп, жээгинен чыгып кеткен. Ушул тапта турак-жайлары жабыркагандарды коопсуз жерге көчүрүү маселелери караштырылууда. Табият кырсыгына байланыштуу Ноокат районунда электр жарыгы өчүп, көпүрөлөр катуу жабыркады. Ушул тапта келтирилген чыгымдарды аныктоо иштери да жүргүзүлүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG