Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Гуманитардык жардамдарды таркатуу уланууда


Бүгүн Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалайбек Закиров маалымат жыйынын өткөрүп, облус жетекчилигинин кырдаалды турукташтыруу жаатында жасап аткан иштери жана коогалаңда жабыркаган адамдарды керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу аракеттери тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ушул тапта келип аткан гуманитардык жардамдарды жабыр тарткандардын дарегине түз жеткирүү иштери уюштурулууда. Ал эми облуста кырдаал стабилидүү экенин айткан Т.Закиров, учурда өтүп аткан “Жарашуу жумалыгы” сыяктуу иш-чаралар өз салымын кошот деп ишенерин билдирди. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. (IJz)

XS
SM
MD
LG