Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Ош облусунда абал салыштырмалуу тынч


Ош облусунун комендантынын маалымат кызматы билдиргендей, өткөн бир сутка аралыгында облус боюнча 70 кылмыш катталып, он бешинин бети ачылды, төрт киши коменданттык сааттын шартын бузгандыгы үчүн кармалды. Ош шаарынын Черемушки районунда өткөн түнү ок атуу болуп, Коргоо министрлигинин кызматкери мас абалында кармалды. Нариман айлындагы башаламдыктын уюштуруучусу деген шек менен облустун Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Жахонгир Умаржановдун кармалды. Анын үйүн тинтүү мезгилинде көп санда ок-дары, үч мылтык табылды. Түштүк боюнча өткөн айдагы коогалаңда каза тапкан 43 кишинин ким экендиги аныктала элек. Уурдалган 54 авто унаа табылып, алардын экөө ээлерине кайтарылды.

XS
SM
MD
LG