Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

АКШ Кытайды 8 жылга кесилген геологду абактан бошотууга чакырат


АКШ Бээжинди Кытайда кара май өнөр жайындагы жашыруун маалыматтарды алууга жана сатууга аракет кылган деген кине менен сегиз жылга эркинен ажыратылган геолог-окумуштуу, америкалык жаран Сюэ Фэнди эркиндикке чыгарууга үндөдү. АКШнын мамдепартаментинин маалымат катчысы Марк Тонер «АКШ Сюэ Фэнге кытай мыйзамдарынын негизинде күнөө чектелгендигине өтө тынчсызданууда» экендигин билдирди. Сюэ Фэндин коргоочусунун айтмында, ал 2007-жылдын ноябрында камакка алынгандан бери кыйноолорго дуушар болгон. Ошондой эле Марк Тонер анын өкмөтү Кытайдан Фэнге ырайымдуулук кылып абактан бошотуп, дароо АКШга өткөрүп берүүнү суранганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG