Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

Төлөкан Исмаилова Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткени ырасталды


“Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору тараткан маалыматка караганда укук коргоочу Төлөкан Исмаилова өлкөдөн убактылуу чыгып кетүүгө мажбур болду жана башка өлкөдөн баш калка издөө жөнүндө ою жок. Т. Исмаилова укук коргоо ишине байланыштуу анын коопсуздугуна коркунуч келтирген билдирүүлөр болуп жаткандыктан ушундай кадамга барган.

Маалыматка караганда, аталган укук коргоочу 3-июндан 30-июнга чейин Ош шаарындагы жаңжал чыккан кооптуу аймактарда болуп, адам укуктарын бузуу жагдайларына байкоо жүргүзгөн, тополоңдо жабыр тарткандарга жардам берип, элдешүү жараяндарына жардам берген.

Брюссель шаарында жайгашкан «Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк» уюму Евробиримдиктин учурдагы төрагасы Бельгия өкмөтүнө ачык кат жазып, укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Төлөкан Исмаилованы коргоого алуу зарыл деп билдирген.
Азиза Абдырасулова болсо учурда Кыргызстанда укук коргоочулур ишин аткарып жатканын “Азаттыкка” билдирди. (BuS)

XS
SM
MD
LG