Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Жалал-Абадда элдешүү аракеттери жүрүп жатат


Бүгүн Ырыс айыл өкмөтүнүн Күмүш-Азиз айылында облустун тургундарынын ортосундагы ынтымакты бекемдөөгө багытталган иш-чара өттү. Иш-чара Ырыс, Сузак, Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн мусулман жамааттарынын демилгеси менен уюштурулуп, ага облустун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов, Дүйнөлүк мусулман жаштарынын ассамблеясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Саид Махмуд Паюми катышты.

Бектур Асанов өз сөзүндө эки улуттун ортосундагы келишпестик жаңы бийлик менен келише албаган үчүнчү күчтөрдүн аракети менен жасалганын белгилеп, элди биримдикке чакырды.

Элдешүү иш-чарасына облустун бир жарым миңдей мусулмандары катышты. Бул туурасында Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG