Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

АКШнын Кыргызстандагы элчисининин кеңешчиси Нарында болду


АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маалыматтар жана жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча кеңешчиси Наташа Бэслэй 6-7 июлда Нарында болду. Наташа Бэслэй англис тилин үйрөтүү боюнча Нарын шаарындагы №8 пилоттук мектебинде барып мугалимдер менен пикир алмашты. Андан сырткары Нарын университетинде АКШнын мамлекеттик департаменти аркылуу аталган өлкөдө болуп келгендер менен жолугушту. Билим берүү тармагында жаңы долбоорлордун үстүнөн иштөө маселеси көтөрүлдү. Андан соң ушул жылдын башында кабели уурдалган жергиликтүү «Алмаз-Нарын» радиостанциясына интервью берди. Аталган радиостанциянын кабелин алмаштырууга каражатты АКШнын элчилиги таап берген эле. (JI)

XS
SM
MD
LG