Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Укук коргоочулар Ош, Жалал-Абадда кармалгандардын абалын көрүштү


Акыйкатчы институтунун төрт укук коргоочусу 30-июндан 5-июлга чейин Ош облусу менен Жалал-Абад облустарындагы тергөө абактары менен убактылуу кармоочу жайларды кыдырып чыгышты. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын бөлүм башчысы Эрик Чымыров билдирди. Анын айтымында, укук коргоочулар Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңдан кийин кармалгандардын абалын көрүп, аларды кармоо шарты менен таанышып чыгышкан.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ошондой эле кармоо учурунда таяк жегени тууралуу арызын жазган укук коргоочу Азимжан Аскаровду көрүп чыгышкан. Бирок Э.Чымыров тергөө абагында жаткан А.Аскаровдун укуктары бузулду деп эсептебей турганын, А.Аскаров өзү да аны сабаганы тууралуу кимдир бирөөгө дооматы жок экенин айтканын билдирди.

Айтка кетсек, укук коргоочу Азимжан Аскаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылындагы баш аламандыктарга активдүү катышкан, чагым чыгарууга тиешеси бар деген негизде кармалган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG