Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Футбол боюнча жарым финалда Испания Германияны жеңди


Түштүк Африкадагы жарым финалдык мелдеште испандыктар Германияны 1-0 эсебинде утуп финалга чыкты. Бул оюн 2008-жылдагы Венада өткөн европалык чемпионаттагы мелдештин кайталоосундай эле болду. Жарым финалга Германия Аргентинаны, ал эми Испания Парагвайды жеңип чыккан. Буга чейин биринчи топтун жарым финалдык оюнунда Голландия Уругвайды жеңген. Эми финалдык беттешүү жекшембиде Жоханнесбург шаарында голландиялыктар менен испаниялыктардын ортосунда ойнолот. Бул деген футбол боюнча дүйнөлүк мелдештин акыркы сексен жылдык тарыхында кубок биринчи жолу европалыктардын колунда калат дегенди билдирет.

XS
SM
MD
LG