Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү үчүн каржылык жардам керек


Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү маселеси боюнча бүгүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Бүткүл дүйнөлүк банк, Агахан кору , Кызыл чырым уюму жана башка эл аралык донорлор менен жолугушту. Анда Кыргызстандын түшүгүндөгү окуяларга байланыштуу талкаланган шаарларды кайра курууда Кыргызстан каржылык жардамга муктаж экендиги айтылып, калыбына келтирүү иштери боюнча башкы план келерки аптада жарыяланары маалымдалды. Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев донорлордон каржылык жардамдар сентябрь айында гана келе баштаарын, бул убакыт оңдоп-түзөө иштерин баштоого кеч болуп каларын белгиледи. Ал азырынча керектүү каражатты бюджеттин эсебинен алып, кийин аны сентябрда донорлордон келчү каражат менен толуктап коюу сунушун билдирди.

Акыркы маалыматтарга караганда, түштүктөгү коогалаңда 2500 дөй имарат, 100гө чукул коммерциялык уюмдар жана 10дон ашык мамлекеттик имараттар талкаланып, өрттөнгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG