Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде кадрларды тандоо жана кызмат ордуна бекитүү маселесин иликтөө боюнча комиссия түзүлөт. Бул турасындагы буйрукка Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмил Каптагаев кол койду.
Аталган комиссия бир апта ичинде токой тармагында иштеген кызматкерлерден президент Роза Отунбаеванын дарегине түшкөн арыз, каттарды калыс карап чыгуу максатын көздөйт.
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматтан кеткен жана учурда иштеп жаткан айрым кызматкерлери аталган агенттиктин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин кызматтан кетирүү талабы менен Жогорку Кеңештин алдында 5-7-июль күндөрү нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар Т.Тургуналиевдин аталган кызматта иштөөгө тиешелүү билими жоктугунан профессионалдуу иштей албай, агенттиктин ишин артка тартып жатканын белгилеп, анын кызматка келиши менен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген адамдардын артынан түшүү башталганын айтып, бул багытта Убактылуу өкмөткө эки арыз жиберишкен.
Ал эми Топчубек Тургуналиев митингчилер койгон дооматтар негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирип, өзү жетектеген агенттик эки ай бою Ысык-Көл тараптагы корук, токой чарбасын изилдеп келип, анын негизинде бир топ кемчиликтер аныкталганын айткан. (AzK)