Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Тажикстан террордук топтун өкүлү делген эки адамды Баткен ИИБине өткөрүп берди


Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бүгүн "Азаттыкка" билдиришти. Облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Абдырахмановдун айтымында, өлкө аймагындагы кырдаалга байланыштуу ар кандай себептер менен кылмыштуу топтордун мүчөлөрү Тажик Республикасынын аймагына өтүп, баш калкалап жүргөнү тууралуу маалыматтын негизинде 5-июль күнү кошуна өлкөнүн Хожент шаарында “Кыргыз Респуликасынын жараныбыз деген” эки адам Орусиядан келген учурда кармалып, атайын кармоочу жайда экендиги аныкталган. Кармалган бул эки жаран 2007-жылдын 15-майындагы Тажикстан жана Кыргызстандын ички иштер министрликтеринин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде Баткен облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Оперативдүү иликтөө иштеринин жүрүшүндө алар «Ислам жихадынын бирикмеси» жана «Вохобий» террористик уюмдарынын мүчөлөрү экени белгилүү болуп, алардын бири - 30 жаштагы Абдувахид Алиев Өзбекстандын Анжиян облусунун тургуну болуп чыкты. Ага өзбек бийлиги тарабынан мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракеттенген, тыюу салынган диний агымга мүчө болгон, 2007-2008-жылдары Пакистан Ислам Республикасы тарабынан көзөмөлдөнбөгөн аймактарындагы террористик лагерлердин биринде аскердик машыгуулардан өткөн деген күнөө коюлган.

Абдувахит Алиев өзү болсо “мен болгону уурулук кылганым үчүн качып кеткем, эч кандай мамлекеттик түзүлүшкө каршы аракет кылган эмесмин, террордук топко мүчө да болгон эмесмин, мага коюлган күнөөлөр жалган жалаа”, - деп билдирди "Азаттыктын” аймактагы кабарчысына.

Кармалган бул эки жаран боюнча иликтөө иштери уланууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG