Орус маалымат агенттиктери кабарлашканына караганда, АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деп айыпталган орус жараны Игорь Сутягин Вена шаарына учуп кетти. Бул – АКШ менен Россия ортосунда тыңчыларды айырбаштоого карай алгачкы кадам катары каралууда. РИА Новости Сутягиндин адвокатына шилтеме жасап маалымдагандай, ал бүгүн Венага барды. Бирок бул сөздөрдү көз карандысыз булактар тарабынан тастыктоо азырынча мүмкүн болбой жатат. Өткөн айдын аягында АКШда Россиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен 10 киши кармалган. Алар бүгүн Нью-Йорктун федералдык сотуна келишет деп күтүлүүдө. Буга чейин тыңчыларды алмашуу мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматтар пайда болгон эле.