Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:23

Кытайлык дарыгерлер кыргызстандык 20 балага операция жасайт


Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, кытайлык 4 хирург гуманитардык жардам иретинде 3 жаштан 14 жашка чейинки 20 балага операция жасайт. Ошондой эле М.Миррахимов атындагы терапия жана кардиологиялык улуттук борбордо тегерек үстөл жыйыны болуп, анда кытайлык дарыгерлер менен тажрыйба алмашуу болот.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда 5 миңге чукул бала жүрөк дартына чалдыккандар. Жылына жүрөк-кан тамыры менен ооруган 300гө чукул наристе көз жумат. (AJ)
XS
SM
MD
LG