Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

АКШдан 10 орусиялык тыңчы чыгарылды


Вашингтон менен Москва тыңчыларды алмашуу боюнча кепке келип, Орусия президенти Д. Медведев дагы батыштын кызыкчылыгына иштеген деген кине менен кесилген абактагы төрт кишиге кечирим бергендиги маалым болду. 8-июлда кечке маал Нью-Йорк шаарында башталган он орусиялык тыңчынын үстүнөн болгон соттук отурум алардын баарына АКШдан чыгып кетүүгө өкүм чыгарган. Бул жолку эки өлкө ортосундагы эпке келгендик «кансыз согуш» маалынан берки эң көп сандагы тыңчы алмашуу болуп калды.
8-июлда АКШнын пайдасына тыңчылык кылган деген негизде абакта отурган Игорь Сутягин Вена аэропортуна учуп келгени маалымдалган. Бир аз мурун орусиялык он тыңчыны салган атайын автобус Нью-Йорктун ЛаГвардия аба майданына бет алганы айтылган болчу.

XS
SM
MD
LG