Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

Аялдар кеңеши революциялык коргоо комитетинин ишине нааразы


Талас облусунун Бакай районунун Аялдар кеңеши райондун акимине революциялык коргоо комитетинин иштери тууралуу нааразычылык менен кайрылышты. Аялдар кеңешинин 73 мүчөсү “Райондук революциялык коргоо комитетинин мүчөлөрү баскынчылык кылып, мекеме-уюмдардын иштерине кийлигишип, алардын жетекчилерин мыйзамсыз жумуштан кетиргенди токтотушсун. Кадр саясатында райондун акими билим сапатына карап мамиле кылышы зарыл” деген талапты бүгүн акимчиликтин алдында айтышты. Райондун акими алардын талаптарына кошуларын айтып, бирок революциялык коргоо комитетинин иштерине кийлигише албай турганын билдиргенден кийин нааразы болгондор тарап кетти. Ал эми райондук революциялык коргоо комитетинин башчысы Кеңеш Калматов “нааразы болгон аялдардын көбү Бакиевдин саясатын колдоп, “Ак жол” партиясын жактагандардын куралы болуп жатышат” деп “Азаттыкка” билдирди. (UA)

XS
SM
MD
LG