Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Жалал-Абадга Орусиядан гуманитардык жардам жеткирилди

Бүгүн Кыргызстандагы Орусия Федерациясынын башкы консулу Александр Барсуков Жалал-Абад шаарына барып, башаламандыкта жабыр тарткандарга 10 тонна 700 кг. азык-түлүк, дары-дармек жана 1700 жылуу жууркан гуманитардык жардамды тапшырды.

Ал ошондой эле облустук администрациянын жыйындар өтүүчү жайында Ленинград курчоосунун 5 катышуучусуна эстелик медалын тапшырды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)
XS
SM
MD
LG