Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:27

Бакай-Ата районунда аялдар кеңеши революциялык комитетке каршы чыгууда


Аталган райондо аялдар кеңешинин 73 мүчөсү бүгүн акимчиликтин астына келип, революциялык коргоо комитетинин мүчөлөрү мекеме-уюмдардын иштерине мыйзамсыз кийлигишип, жетекчилерди жумуштан кетиргенди токтотушсун деген талап коюшту.

Райондун акими алардын астына чыгып алардын талаптарына кошуларын айтып, бирок революциялык коргоо комитетинин иштерине кийлигише албасын билдирди.

Райондук революциялык коргоо комитетинин башчысы Кеңеш Калматов өз кезегинде аларга каршы чыгып жаткандарды “Бакиевдин саясатын колдоп, «Ак Жол» партиясын жактагандардын куралы болуп жаткандар» деп сынга алды. (UA)

XS
SM
MD
LG