Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Спорт журналисттери сыйланды


Бүгүн өткөн спорт журналисттери федерациясынын жыйынында уюмдун отчету угулуп, ушул тармакты мыкты чагылдырган алдыңкы журналисттер сыйланды. Спорт тармагын чагылдырган кабарчылар эл аралык спорт журналисттер федерациясынын мүчөлүгүнө катталды. Алардын ичинде “Азаттыктын” эки журналисти - Кабыл Макеш жана Акан Иманов бар. Маалыматка ылайык, быйыл эки журналист аталган уюмдун жакын арада Сеулда өтө турган бүткүл дүйнөлүк жыйынына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Бул иш-чара спорт журналисттердин күнүнө карата уюштурулган. Ал жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG