Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Ошто мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды чогултуу иштери уланууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук комендантынын басма сөз катчысы Рахматулло Ахмедов кабарлады. Анын айтымында, Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан 59 ок атуучу курал, аңчылык үчүн куралдар, миңден ашуун түрдүү калибрдеги ок-дарылар, тогуз граната жана бир нече колго жасалган жардыргыч заттар табылган. Ошондой эле элди өз ыктыяры менен куралдарды тапшырууга үндөгөн түшүндүрүү иштери уланууда. Р.Ахмедов учурда элдин колунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактардын саны тартип коргоо органдарына анык экенин, бирок кызматтык кызыкчылыктан улам бул айтылбай тургандыгын белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG