Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Алмаз Бокушев кармалды


Атайы операцинын негизинде буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Алмаз Бокушев бүгүн Кара-Балтада үйүнөн кармалды.Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн эртең менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери өздөрүндөгү атайы маалыматтарды тактап, текшерүү боюнча Кара-Балта шаарына чыгышкан. Учурда Алмаз Бокушевдин кармалышы боюнча жагдай иликтенип жатат.

Алмаз Бокушевдин жубайы Анара Жумагулова анын күйөөсүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери эртең менен уктап жаткан жеринен күтүүсүз келип, үй бүлөсүнүн көзүнчө токмоктоп алып кетишкенин билдирди. Учурда анын үй-бүлөсү Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын алдында турушат. (AzK)

XS
SM
MD
LG