Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Темир Сариев 14- июлда кызматтан кетет


Бул тууралуу ал Каржы министрлигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары, Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев мындай чечимин алдыдагы парламенттик шайлоолорго катыша турганы менен байланыштырды. Анын айтымында, алдыдагы шайлоого катышууга ниеттенип турган бардык Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кызматтарынан кетиши керек. Ал эми жер-жерлердеги администрация башчылары кайсы бир партияга мүчө болсо, андан чыгуулары керек.

“Мындай аракет шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат”,- дейт Т.Сариев.

Күздө өтчү парламенттик шайлоого Т.Сариев “Ак шумкар” партиясын баштап барат. (IJz)

XS
SM
MD
LG