Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Күч органдары Сузактагы жол тоскондорду четке сүрүштү


Сузак айылынын тушунан Ош-Бишкек жолун тосушкан ондогон аялдарды милиция кызматкерлери, атайын бөлүктөрдүн аскерлери келип четке сүрүп чыгарышты. Жергиликтүү администрация башчылары да окуя болуп аткан жерге келишип, топтошкон аялдарды мыйзам бузбоого чакырышууда. Өз кабарчыбыз окуя болуп аткан жерден маалымдагандай, айрым аялдар ээ-жаа бербей атайын бөлүктөрдүн аскерлерин ургулап атышат. Топтолгон аялдар түштүктөгү коогалаңга байланыштуу кармалган адамдарды бошотууну талап кылышууда.

Жалал-Абад облусунун комендатурасы мурда маалымдагандай, аймакта июндагы кандуу окуяларды уюштурган деген шек менен 45 адам кармалган болчу. (IJz)

XS
SM
MD
LG