Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

“Айтматов бүтүндөй ааламга “Кыргыз” деген имаратты куруп кетти”


Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда.(Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Чыңгыз Айтматов окурмандары менен жолугушууда.(Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду бир канча жылдар бою жандап жүргөн Соорон Дыйканов залкардын адамдык сапаттары тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

- Соорон мырза, мына 2008-жылы 14-июнда алп жазуучу Чынгыз Айтматов дүйнө салган эле, андан бери да эки жыл өтүп кетиптир. Айтматовдун жанында такай жүргөндүгүңүздөн улам ал кишинин адамдык сапаты, жеке пендечилик жактарын угуу ким үчүн болбосун кызыктуу болсо керек деп сизге кайрылып отурабыз.

- Мен Айтматовдун улуулугун ушундай баалайт элем. Эң биринчиден, Айтматов кыргыз улутун, кыргыз элин бүтүндөй ааламга даңазалап “Ала-Тоонун боорунда кичинекей ушундай улут бар, уңгулуу, уюткусу бар касиеттүү эли бар, бул - кыргыз улуту” деп таанытты. Экинчиден, Айтматов атындагы коомдук фонд азыркы күндөгү саясый абалга байланыштуу “Манас – Кыргыз - Чыңгыз” деген элдик кыймылдын түзүлүшүнө тарыхый чындык дал келет.
Улуу жазуучу журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө

Манас жана Чынгызды кыргыздын эки канаты болгондой кабылдаса да болот. Бир мезгилде Манас бүтүндөй элдин башында туруп, өзүнүн баатырлыгын көрсөтүп, элди жоодон сактап бириктирсе, бүгүнкү күндө болсо Чыңгыз Айтматов бүтүндөй ааламга кыргыздын ким экенин таанытып, улуттун башка улуттан айырмасы бар экенин, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн жеткирди. Демек кыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн өзүнүн патриоттуулугун көрсөтүп, акыркы жүрөк кагуусуна чейин кыргыз деп гана сокту. Андыктан Чыңгыз Айтматовдун ысмы дагы биздин кыймылдын атында болушун биз туура таптык. Себеби ар бир кыргыз инсаны үчүн Манас дагы, Чыңгыз дагы улуу сабак боло алат тарыхта.

- Мындай сөз бар го “кыйын адам бул турмушта жалгыз” деген. Айтматов дагы кыйын киши эле, ал кишинин жанында кошо жүрүүнү дайым өзүңүзгө милдет кылып алгандыгыңызды кандай чечмелеп бере аласыз?

- Кыргыз маданияттуулугунун Москвадагы күндөрү өтүп калды. Чыңгыз Айтматовдун автордук кечеси ошол Москвадагы атактуу Ленин атындагы китепканада өтүп жатты. Ошондо кечеге катышкан ар бир кыргыз ички дүйнөсү толукшуп, сүйүнүп кубанып “мына биздин улуу жазуучубуз, биздин улуу коомдук-саясый ишмерибиз Чыңгыз Айтматов ушундай сый- урматка жеткен үчүн кечеси Ленин китепканасында өтүп жатат” дегенсип, көкүрөгүбуз көк тиреп турду. Себеби ал жерде улуу адамдардын гана автордук кечесин өткөрбөсө, өтө ыйык жер деп тутушат.

Ошондо Чыкем менен жакындан таанышып сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк алдык. Эгерде сиз Москвага келип кеткен мезгилде биз кыргыз жигиттери жаныңызда жандап, коштоп жүрөлү деген өзүбүздүн оюбузду айтсак, Чыкем абдан кубанып кетти дагы “эгерде силер менин жанымда коштоп жүрөбүз десеңер, мен анда силерге алкышымды айтып, батамды берип, мага абдан жакшы таяныч, тирөөч болуп бересиңер”- деп өзүнүн кубанычын айтканда биз туура жолдо экенибизге сүйүндүк. Анткени Союз мезгилинде бүтүндөй СССРдин борборунда кыбыр эткен кыймылдын бардыгы ошол Москвадан башталчу. Азыркы күндө дагы дүйнөлүк эң чоң маселелердин бардыгы конгресс, семинары болобу бардыгы Москвада өтөт. Ушул чоң саясый окуялардан, маселелерден Чыкем эч четте калчу эмес. Дайыма ошолордун алдында болгондуктан Москвага көп келчү. Ошого байланыштуу дайыма жанында болуп, ал кишинин жанында жүрүп, биз академияны бүткөндөй эле болуп калдык.
Чыңгыз Айтматов 50 жашта, 1978-жыл.

- Ошондой улуу адамдын жанында жүрүү деле канчалык бир деңгээлде улуу сапатты, же болбосо улуу жоопкерчиликти талап кылат болуш керек. Жана сиз айтып аткандай, көп жолугушуулардан кийин чарчап-чаалыгып, эс алууга же бир ойлонууга туура келсе керек ал кишиге. Ошондо өзүңүздү кандай алып жүрүп, кандай мамиле жасайт элеңиз?

- Негизинен Чыкем кандай чогулуш болбосун жыйындын башчысы болуп өткөрчү. Андагы жоопкерчилик чоң болгондуктан, бир эле ошондо көтөрүлгөн маселе эмес, ушу Айтматов менен учурашып калыш үчүн, ошол кишинин колун кармап, бата алып калыш үчүн, канча деген улуттун, элдин өкүлдөрү ал кишинин айланасында чуркап жүрүшпөдү. Жыйын бүткөндөн кийин Чыкем: “Соке, мына жыйын да өттү, эми өзүбүздүн элчиликке кетели”- дечү. Биздин элчилик ал киши үчүн ушундай бир ыйык жердей сезилчү. Аны айтканымдын себеби, Москвадагы башка элчиликтер, алардын арасында бир тууган боордош улуттардын элчиликтердин бардыгында “Айтматов келди”- дегенди уккан күндөн баштап, өзүнүн люкс мейманканасын даярдашып, машинасын берип, ресторандарын даярдап, кабыл алганга даяр экендигин көрсөтүп чакырып турушчу. Бирок Чыкемдин патриоттуулугун мен ошондон байкадым. Ал киши айтчу: “Эгерде Чыңгыз Айтматовду издеп, баарлашууну каалагандар болсо, анда кыргыз элчилигин издеп келишсин. Айтматовду издеп келип кыргыз мамлекетинин элчилиги бар, бул өзүнчө эгемендүү мамлекет турбайбы”, - деп ошол жерден көрүп- билип кетишсин деп дайыма өзүбүздүн элчиликке багыт алып турчу.

Анан жыйын бүткөндөн кийин, акырын машинага отуруп элчиликти көздөй кетебиз. Ошол мезгилде улуу кишилер дайыма ой жүгүрткөндө бир өзүнчө транска түшкөндөй, космоско учуп кеткендей бир топ мезгилге чейин эч бир сөз айтпай, үн чыгарбай акырын гана ой жүгүртүп кетчү. Андайда биз мисалыүчүн элчиликке жетип калсак да, ой жүгүртүүсү токтой элегин байкап калсам, элчиликти айланып акырын машинамды айдап жүрө берчүмүн. Качан гана “Ой Соке, биз кайсыл жерге келип калдык” деп сураганда гана Чыке, билесиз да Москвада автотыгын деген көп, азыр жетейин деп калдык деп ошондон кийин гана элчиликке барып токточубуз. Улуу кишилер өзүнүн жалгыз гана кызыкчылыгын ойлобостон жалпы мамлекеттин, элдин, улуттун эртеңки күнү, келечеги, тагдыры, тарыхы ушунун баардыгын бирге камтыган үчүн, улуу кишилерде да ушундай мезгил болот экен. Ал кишилер сыртта жүргөндө негизинен өзүнүн элин, жерин унутпай, аны туу кылып жеткирип бергени, биз үчүн улуу сыймык. Мен ошого сыймыктанам.

- Айрым адамдар белгилүү бир кишилерге, бир нерсеге муктаж болгондон кайрылган фактылар жок эмес. Ушул өңүттөн алып караганда, Айтматов мындай бай, бирок сараң болчу деген да сөздөр бар. Сиз Соорон мырза, кандайдыр бир жардам керек болуп кайрылып калдыңызбы, же түз эле ушу кишиге жардам бергиңиз келдиби, же жалгыз жүрчү бекен?

Чыңгыз Айтматов, 1978-жыл.

- Жүрөк өйүткөн суроо болду. Өзгөчө жанагы Чыңгыз Айтматов сараң деп айтылган сөздөрдү айтам. Мен ушул сөзгө, ушул ойго эгерде мени азыр угуп жаткандар болсо баардыгына айткым келет! Бир жерден бир жерге барыш үчүн кичине болсо да каражат сарпташ керек болот. Ал эми Айтматов болсо дүйнө кыдырып жүргөн киши да. Ал өз каражаты менен жүрчү. Анын мында улуулугун кайдагы майда-чүйдө чиновниктердин баскан тургандарына салыштырып не кылабыз? Айтматов деген эч кандай бирөөдөн каражат сурап,тиленип жүргөн киши эмес эле. Канча жолу Москвага учуп келип-кетип, канчалаган жумуштарды аткарып, жасабасын бүт өзүнүн каражаты менен жүрчү. Канчалаган олуттуу маселени чечип койчу. Бир жерде айтчу эмес, “мен муну бүтүрдүм же аткардым” деп. Ал кишинин ич дүйнөсү таза, адамдык сапаты улуу, табиятынан берилген аруулук болгондуктан, ал кишинин жанында жүргөнүм үчүн айтып жатамын. Байлыгы - жан дүйнөсү болчу.

Мына мисалы үчүн, Москвадан канча деген басмаканалардан миллиондогон нускада китептери чыгат эле. Эгерде сараң болсо анда ошол ар бир нусканын аркасынан кууп отуруп алмак да “мага калем акы бербейсиңерби?”- деп. Бирок ал калем акыга да көз арткан эмес. “Эгерде ар бир окуучуга ушул китебим жетсе, ошого ыраазымын” - деп айтчу.

- Айтматов өзү кайрылып, сизге кандайдыр бир жардам берейин деген же жардам берген учурлар болду беле?

- Мен ушуну ойлобоптурмун. Себеби мен Москвада жашап өзүмдүн жумушум бар, каражатым жетиштүү эле болчу. Анда жашпыз. Тиричилик анча башка түшө элек . Чындыгында эле сиз суроо берип жаткандай таза адамдар, кыйын адамдар дайым турмушта жалгыз болот окшобойбу. Кантсе да мен Чыкемдин жанында жандап жүрүп калганыма сыймыктанам. Себеби бир аз болсо да, айрым бир маселеде колуна кол болуп дегендей, улуулукка кандай мүнөз жеткирет дегендей таалим-тарбия алдым, алкышын да алдым.

Жардам демекчи, бир түнү Москвада түнкү саат эки болчу. Брюсселден мага телефон чалып атат: “Ай, Соке мен уйкуңду бузуп койгон жокмунбу?”- деп. Жок, Чыңгыз Төрөкулович, баардыгы жакшы. Өзүңүз кандайсыз? - деп ал-акыбалды сурашкандан кийин “Соке, менин чалганымдын бир себеби бар. Мен эмнеден жардам берейин сага. Балким жумуш жактан сүйлөшүп берсемби, же эмнеден жардам берем?- деп сурап калды. Жок, Чыңгыз Төрөкулович мага эч кандай жардамдын кереги жок. Мен сиздин жаныңызда жардам берип жүрөм, өз кызыкчылыгымды ойлогон маселем жок деп дагы айттым. Эки күндөн кийин кайра телефон чалып:
“Соке мен таптым”, - дейт. Эмнени таптыңыз? – десем: “Мен эми түшүндүм, менин Төрөкул атамдын апасы Айымкан чоң энем, ушул даражага жеткениме абдан чоң пайдубал салган болчу. Ошол Айымкан чоң энем аксылык болот эмеспи, сен да аксылыксың да балким ошол жардам берип аткандарыңдын баардыгы бул улуу күчтөрдүн, Айымкан чоң энемдин ошол мезгилде колдоп, азыр да мени таштабастан, жанымда болгону ошондон окшойт. Мен эми түшүндүм, бир жардам сураганыңда, ал ойго да келмек эмес. Эмне үчүн сен менин жанымда жандап жүргөнүңдү эми түшүндүм, Айымкан чоң энемдин күчтөрү жардам берсе керек”. – деген эле.
Улуу жазуучу кызы Ширин менен, 1985-жылдын 19-сентябры.

- Москвада жүргөндөбү же Кыргызстанга келгендеби, Чыкебизден ар кандай муктаждыкта жардам сурап кайрылган жарандар болгондур. Анан ал кишиден кандай жооп болчу эле?

- Мен буга мисал кылып, бир окуяны айтып берейин. Москвада кыргыздар бириккен чоң жыйын өткөрдүк . Ал жыйында Чыңгыз Төрөкулович эл менен жолугушуп, чыгып баратканда бир киши келип учурашып:” Чыке, мен сизге ыраазычылыгымды билдирип койгону келдим” деди. “Рахмат, эмне ыраазычылык”. - десе айтат: “Эгерде Кудай сизди жаратпаганда, менин балам аман калат беле, калбайт беле бир Кудай билет. Себеби ал балама операция жасата албай Германияга чейин алып барып, ал жакта өзүңүз билесиз, кабыл алабы албайбы деп, сиздин китебиңизди көтөрүп алып, сиздин атыңызды айтып кирип, “Айтматовдун элинен болом” деп китепти бердим. Ошондон кийин Германияда баламды бат эле кабыл алышып, операция жасалып, өлүмдөн сактап калышты. Мен сизге ыраазымын өмүр бою. Жолуксам ыраазычылыгымды билдирейин деп жүрдум эле” деп ушул окуяны айтты. Анан ошол кишинин сезимдери кандай болсо, биз ошону сезгендей болдук.

Ошондо Чыкем көрсө түз жардам бергенден сырткары дагы өзүнүн аты менен да кандай жардам берерин байкадык. Анан ошол эле жыйындан дагы бир жигит келип, ыраазычылыгымды айткым келет деп: “Мен Союз мезгилинде Москвага университетке аспирантурага келгем.Элдер укмуш көп, тапшыргандар катары мен да тапшырып, анан аягында чоң конкурс болгондо сиздин китебиңизди алып кирип, мен Айтматовдун жердеши болом, мен ал адамдын элинен болом” десем кыргыз элинде Айтматовдой улуу инсандар чыкса, анда биздин университетте дагы улуу инсандардын жердештери окуганга укуктуу. Окуш керек. Балким экинчи Айтматовго окшогон инсандарды биздин университет даярдайт болуш керек” деп аспирантурага өтүп кеткем” Ушинтип ал жигит да өзүнүн ыраазычылыгын билдирип кетти. Айтайын дегеним, бүтүндөй ааламга кыргызды даңазалап койгондугунан, ар бир кыргыз инсаны, кайсыл жерде болбосун Айтматовдун жанында болгондой сезимин көрүп, туя алат.

- Эми Сооронбай мырза, мына бир эле жазуучулар эмес Айтматов менен мамлекеттик кызматкерлер Москвада болобу, Кыргызстанда болобу башка жерде болобу, көп эле кеңешип, сүйлөшүүлөр болсо керек . Себеби ал киши элчи болбодубу. Мындай айтканда саясатчы деп койсок да болот. Ушул маселеде сиз өзүңүз байкаган кандай мисалдар бар?

- Мен ал кишини Москвада коштоп жүргөн учурумда көпчүлүк саясий маселелерге катышып калдым. Бир канча мамлекеттин башын бириктирип, мамлекеттер аралык коопсуздугун бекемдөө үчүн Жамааттык коопсуздук келишими деген уюм түзүлгөн. Ошол уюмду түзүп жатканда Чыкемден дагы улуу гуманист катары абдан көп кеңештерди сурашып, кандай кылганда улуттар аралык коопсуздукту бекемдей алабыз, кандай кылганда улуттарды бириктире алабыз, кандай кылып улут аралык мамилени бекемдей алабыз деп, көп маселелерди сурап, кеңешишкен. Чыкемдин бир мезгилде берип кеткен чоң кеңештеринен улам мындай уюмдар жакшы жолдо, багыттарда жүрүп атканын көрүүдөбүз.

- Бир Ооганстанда кызмат кылып, жарадар болуп келген жоокердин айтканы эсимде эле: “Эгерде Айтматов болбосо, биз Ооганстанда жер менен жексен болуп калат элек” дегени. Муну эмнеге байланыштырып айтты экен?
Залкар өмүрүнүн акыркы жылдарында

- Менин бир укканым бар. СССРди Михаил Горбачев башкарып турган мезгилде, Чыңгыз Айтматов ал кишинин кеңешчиси болгон. 1987-жылы Айтматов олуттуу деп эсептеген сунуш-кеңешин айтат: Михаил Сергеевич, жөндөн-жөн кан төгүү болбойт. Биз эч качан Ооган жерине демократияны орнотуп бере албайбыз. Ооганстандын эли өзүнүн тагдырын, өзүнүн келечегин өзү табыш керек. Биз аларга тынчтыкты алып келебиз дегенибиз менен, бул согуш эч качан токтобойт. Ооганстанды эч ким эч качан жеңе албайт, Ооганстанды Ооганстандын элине калтырышыбыз керек. Союздан барган биздин эр-азаматтар ал жактан “цинктүү табыттарда” келип, көп үй-бүлөнү кайгы каптады. Ушуну кантип токтотобуз?” - деп эки жыл бою айтып келген. Акыры 1989-жылы ал киши макулдугун берип, Ооганстандан СССРдин аскерлерин, эр-азаматтарыбызды алып чыгып кетти. Ушуга түздөн-түз биздин Чыкенин тиешеси бар.

- Айтматов эл аралык маанидеги белгилүү жазуучу эмеспи. Анан да эки тилде бирдей жазчу. Бул өңүттөн алып караганда, башка тилдерге жасаган мамилеси кандай эле?

- Чынында Айтматов эки тилде бирдей жазчу. Кыргыз тилинде дагы, орус тилинде дагы. Эми кыргыз тилин өз мезгилинде: “Биздин тил мамлекеттик тил болуш керек, биздин тил улуу тил. Ар бир жараныбыз, инсаныбыз бул тилде сүйлөшү керек” деп, ушул багытты баштап кеткен. Мисал үчүн орус тили Бириккен улуттар уюму бар да БУУда ошол орус тилинин дагы макамын көтөрүп, биз мына союз бузулгандан бери союздан келген депутаттарыбыз, делегаттарыбыз баарыбыз ушул орус тилин жакшы билебиз, эгерде колдоп берсеңер ошол тил кызмат тили болуп калсын деп БУУда үчүнчү кызмат тили деп ушул орус тилин кабыл алышкан. Мисал үчүн 150 млн. калкы бар орус элинде да улуу кишилери көп абдан. Бирок Чыкемин кадыр-баркы бар болгондуктан ошол кишинин сунушу менен БУУда орус тили үчүнчү кызмат тили болуп калды.

- Соорон мырза, Белгилүү сынчы Салижан Жигитовдун бир айтканы эсиме түшөт. Айлында бир Шакир деген киши бар экен да. Ал киши кышын-жайын, ошол жердегилердин базарга сата турган мал-жандыктарын кыш маалы болобу, күн ысык болобу айтор жөө-жалаң айдап отуруп, базарга жеткирип, берген тыйынын алып кете берчү экен. Аны уккан Жигитов “Ээ,Салижан! Сен ушул Көлдүккө Шакирче да кызмат кылбадың” дедим деп күлдүруп жатпайбы. Анын сыңарындай Айтматовго да ошондой суроо болуп калбайбы?
Улуу жазуучуну акыркы сапарга узатуу, Бишкек, 2008-жылдын 14-июну

- Эми биз пенде экенбиз да. Бир жерде болгон окуяны кыскача айтып кетейин. Бир жолу кимдир бирөөлөр “эгерде Айтматов кыргыз эли үчүн эки кабат имарат куруп кеткенде жакшы болмок экен, кыргыз эли колдонуп калмак” деп айтып калды. Анан ал кишиге кайрылып айттым: Сиз Айтматов эки кабат имарат курган жок деп кайгырып атасыз, азыр эки кабат имаратты базарда иштеген бала дагы куруп салат, Бирок бүтүндөй ааламга “кыргыз” деген имаратты куруп кеткенин сиз көрбөгөнүңүзгө мен өкүнүп жатам. Чыңгыз Айтматов бүгүнкү күндө кыргыз улутун, кыргыз тилин, Кыргызстанды бүт ааламга көтөрүп, абдан чоң имарат куруп кетти дедим...

- Эми ушул эле пендечилик жөнүндөгү сөздү уланталы, Соорон мырза. Бул пендечилик деген адамдын улуулугуна, адамдын сапатына карабаган бир көрүнүш экен да. Чындыгында эле Айтматов деле пенде да. Ал кишини канчалык биз улуу, сапаттуу киши деп айтсак дагы ал киши пенде. Ушул кишиде пендечиликтер болгон беле дегендей суроону берейин деп жатам. Маселен, адамдар бири-бирин жамандап, мындайча айтканда керек болсо түндүк- түштүк деп, жазуучу жазуучуну жактырбагандай учурлар болот. Анан бул киши дагы бирөө жөнүндө бир сын-пикир айтчу беле?

- Мына биз Москвада Чыкем менен көп мезгилде бирге жүрүп калдык. Ошол ар бир мезгилде Чыкеме ар кандай адамдар жолугуп жатты. Бири жакшы көрүп, бири көрө албай, бири жетип, бири жетпей... Андайда жакшы көргөн адамга дагы, жаман көргөн адамга дагы, көрө албай калган адамга дагы ал киши бирдей карачу да. Ушунчалык айкөлдүк менен карачу. Мен ушул сапатын байкадым. Адамдык сапаты тууралуу, башкаларга салыштырып айтканда эч качан бирөөнү жамандаганын уккан жокмун жана көргөн жокмун. Эгерде жүрөгүндө, жан дүйнөсүндө ал кишинин ошондой ою болгондо, анда ал киши бирөөнү жамандап, же бирөөнү мактап сүйлөмөк. Ал кишиде андай сапат жок болгондуктан пенде болсо дагы башка бирөөнү жамандаганын мен эч көргөн эмесмин. Себеби улуу кишилерде адамдык сапат болот, аруулук болот, айкөлдүк болот. Ошондуктан ал кишилер кээде түшүнбөстөн, кээде ар кандай ойлоп айтып койгон сөздөрүнө да жооп берчү эмес.
Улуу жазуучу менен коштошууга келгендер, Бишкек, 2008-жылдын 14-июну.

- Эми Соорон мырза, мына өзүңүз айтып кеттиңиз. Айтматов кыргыз деген ааламга таанылган бир имаратты куруп кетти деп жатпайсызбы. Бул жоопко караганда демек Айтматов өзүнө да бир чоң эстелик тургузуп кетиптир да. Анан азыр ошол Айтматовго эстелик тургузуунун кажети барбы?

- Бүгүнкү күндө биз бир эстелик коебузбу, эки эстелик коебузбу бул жөнөкөй эле маселе. Ал эми акыйкатта Чыңгыз Айтматов өзүнүн көзүнүн тирүү кезинде, бүтүндөй ааламдын өкүлдөрү менен, улуулары менен кичүүлөрү менен баарлашып, кыргыз мамлекетинин, кыргыз улутунун улуу инсаны экенин далилдеп, өзүнө тургузуп кеткен эстелиги бар. Ошол эстеликти тирүү кезинде өзү-өзү тургузуп кетти.

- Сиз Айтматов менен бирге жүрүп, академияны бүтүргөндөй болдум деп айтып жатпайсызбы. Адам баласы 80-90го чыкса деле өспөй калгандары бар деген сөздөрдү биз, журналисттер көп угабыз, Айтматов ар тараптуу адам катары, жазуучу катары, карапайым адам катары кандай эле?

- Бул абдан жакшы суроо болду. Чыкем үчүн эч бир чектөө болгон эмес да. Анын жан дүйнөсү бардык маселени камтып: турмуш, жашоо, келечек, айкөлдүк, баатырдык, саясий ишмердик, коомдук ишмердүүлүгү болобу, бул киши эл дегендиктен, өз кызыкчылыгын алдыга койбогондуктан мен анын жанында жүрүп, ал кишиден алган таасирим, алкыш, батасын, мен өзүм эки академияны бүтүрсөм да, баарынын жогору баалайм. Улуу академияны бүттүм деп ойлойм, себеби Айтматов эч качан өз ойу менен чектелип калган эмес. Өзүнүн жазуусунда болобу, ой-толгоосунда болобу, гуманисттик көз карашы болобу, бардык тарабында дайыма алдыга умтулуп, өсүп- өнүгүп турган чоң булак болчу. Ошол булактан мен кана ичип татып жүрсөм да чаңкоом канбагандай болгону, ал Чыкемдин бул дүйнөдөн кеткени болду.

- Эми Соорон мырза, Айтматовдун жанында көп жыл бою жүргөн бул жигит ким экен деп жаткандарга өзүңүздү тааныштырып кетпейсизби?
Соорон Дыйканов

- Эми ар бир эле адам өзү жөнүндө көп деле айталбастыр. Мен өзүм Аксыдан болом, жана Чыкем сүйүнүп. “Менин да чоң апам аксыдан болот”-деп атканы ошого караштуу айтылып жатат. Москвада биринчи медициналык академияны бүтүргөм, андан кийин Мамлекетик кызматкерлерди башкаруу академиясын бүтүрүп, ал жерде 17 жыл кызмат кылып, акыркы 5 жылда Кыргызстанга келип, өзүбүздүн элибизге кызмат өтөйүн деп белсенип жүргөн чагым. Учурдагы саясий абалга байланыштуу “Манас – Кыргыз - Чыңгыз” деген элдик кыймылды түздүк. Бүгүнкү күндө биздин көз карашыбыз кичинекей байлык-бийлик менен чектелбестен, кыргыздын келечегине артылышы керек.

Ошондуктан партия түзбөстөн, ушундай кыймылды түзгөнүбүздүн да бирден-бир себеби, ушул элдик кыймылга эртеңки күндө ар бир инсаныбыз, жарандарыбыз биригип, улуу кыргыздын оту өчпөстөн алдыга умтулалы деген ой болуп жатат. 2004-жылы Москвада эл аралык Айтматов фондун ачып, ал жерде фонддун жетекчисимин. Үй-бүлөлүүмүн, 5 уулум бар. Чыкем дайыма айтып калчу эле “Соке, сен турмушта бактылуу адамсың” деп. Ал убакта менин 4 уулум бар эле, “төгөрөктүн төрт бурчу бар дегендей сенин төрт уулуң бар, сенин төрт генералың бар, сен ошого дайыма сыймыктанып жүр ” деп калчу жарыктык киши...

- Рахмат, ишиңизге ийгилик.
XS
SM
MD
LG