Бүгүн 12-июлда Убактылуу өкмөттүн аппаратынын аймактык башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Калмурза Иманалиев Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын аппаратына облустун жаңы губернатору Турдубек Мамбетовду тааныштырып, кабинетине олтургузду.
55 жаштагы жаңы губернатордун кесиби куруучу, түбү Ат-Башыдан, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, акыркы иштеген жери 2004-жылдан 2008-жылга чейин Бишкек шаардык кеңештин депутаты болгон. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин начальниги болуп иштеген.
Турдубек Мамбетов "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берип жатып, ага тажрыйбасына карап облустун жетекчиси болуп иштеп берүү жөнүндө президент тарабынан болгон сунушка макул болгонун, өзү эч кандай партияга мүчө эместигин, бирок "Ата Мекен" партиясына жан тартып жардамдашып жүргөнүн билдирди.
"Мен өзүм атбашылык болгон менен өзүмдүн жеримде эки эле жыл иштегем. Бул жердеги адистерге ишенем, ошолор менен акылдашып-кеңешип иш кылам",-деп айтты губернатор.
Облустун жаңы жетекчиси мамлекеттик кызматчыларды негизсиз алмаштыра берүүгө каршы экенин, мыйзам бузган кызматкер жөнүндө гана маселе козголушу мүмкүн экенин билдирди.
Турдубек Мамбетов экс-губернатор Аскар Салымбеков менен анын "достугу", "Замандаш" партиясынын лидери Муктар Омуракунов менен болгон мамилеси жөнүндө анын өзүнөн мурда Нарынга жеткен ар кандай айың-кептерге төмөнкүдөй жооп узатты:
"Аскар Салымбеков экөөбүз бир айылданбыз. Ошентсе да экөөбүздүн ортобузда конкуренция болуп келген, ал да жакшы окуйм деп, мен да жакшы окуйм деп. Бүгүнкү күнгө чейин жолдошчулук мамилем түзүк. Ал эми "Замандаш" партиясын таанып калган себебим, Бишкектен жолугуп, "байке мен да атбашылыкмын, сизден он жаш кичүү экем, мен каражат жагынан жардам берейин, сизди элдин баары тааныйт экен, бирге иштешели, бир команда түзөлү" дегенде "мен өз арбайымды өзүм согоюн, сен өз арбайыңды өзүң сок" дегем. Кудайдын буйругу экен, Муктар дагы депутат болуп төрт жыл чогуу иштештик".
7-апрелден кийин Нарын облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп Адыл Эсенбеков иштеп келаткан. Жаңы губернаторду тааныштырып жатканда ал Нарында болгон жок. А. Эсенбеков телефон аркылуу сүйлөшүп, аны өкмөттөгүлөр бүгүнкүгө саат онго отчет берүүгө чакыртканын, жаңы губернатор дайындалганы жөнүндө Бишкекке келгенде кабарлашканын билдирди.
“Мен нааразымын мага эрте эскертип коюшса болмок”- деп айтты А. Эсенбеков.
Ошол эле учурда Нарында Турдубек Мамбетовдун губернатор болуп иштешине каршы болгон бир катар адамдар, анын ичинде мурдагы губернатордун ондогон жактоочулары облустук акимчиликтин алдына чогулушту. Алар жаңы жетекчини бул кызматка татыксыз деп сындашып, анын кетишин талап кылышууда.