Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Норвегия: террорчу деп шектелген эки адамды камакта кармоо узартылды


Соттун чечими менен өткөн жумада терроризмге тиешеси бар деген шек менен кармалган эки адамды абакта кармоо мөөнөтү дагы төрт жумага узартылды. Соттун жабык отурумунда уйгур улутундагы норвегиялык жаран Микейл Давуд жана норвегиялык жарандыгы бар өзбек Давид Якупсен 9-августка чейин атайын жайда кармалып, актоочудан башка сырттан эч ким менен сүйлөшүүгө улуксаат берилбейт. Террорчу делген бул экөө дагы бир шектүү адам менен Германияда кармалып, алгач ирак улутундагылар деп маалымдалган. Норвегиялык прокурор өзбек Якупсен көптөн бери өлкөнүн атайын полициясынын байкоосунда жүргөндүгүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG