Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Ө.Текебаев шайлоого Бакиевчилер камынып атканын айтты


“Ата мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөдө кырдаалды курчутууну каалаган саясий күчтөр бар экендигин, алар ушул тапта беш партиянын туусу алдында парламенттик шайлоого баратышканын билдирди.

Анын айтымында, кечээ эле “Ак жол” партиясынын активдүү мүчөсү болуп жүргөндөр бүгүн ар кыл партияларга киришти.

“Маселен, “Ак жолдун” лидерлеринин бири болгон Адахан Мадумаров жаңы партия түзүп, аны ошол эле “Ак жол” фракциясын башкарып жүргөн Улугбек Ормонов колдоору айтылат. Ал эми Бакиевдин өкмөтүнүн дагы бир мүчөсү Өмүрбек Бабанов бир партияны сатып алды. Ал “Республика” деп аталат имиш. Бирок бул партиянын аталышы “Эл талабы”. Аны кайра каттатып атышат”,- дейт Ө.Текебаев.

Ошондой эле Ө.Текебаевдин ырасташынча, Бакиевдин өкмөтүнүн экономисти болуп келген Акылбек Жапаров “Ар намыс” партиясына киргенин, ал эми “Ата Журт” партиясындагылар кечээки эле ашынган Бакиевчилер болгонун баса белгиледи.

Ө.Текебаевдин мындай билдирүүсүнө карата аталган партия лидерлери же мүчөлөрү азырынча жооп берише элек. (IJz)

XS
SM
MD
LG