Чехияда бүгүн президент Вацлав Клаус жаңы коалициялык өкмөттү бекитти. Коалициялык өкмөт Жарандык демократиялык партия, ТОР09 жана “Коомдук иштер” партияларынан куралды. Бул оңчул-ортомчул партиялардын баары биригип, майда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Чехиянын 200 орундуу парламентинен 118 орунду ээлешкен.