Окуя бүгүн түштүктөгү Хелманд вилоятында болгон. Ооган жана британ аскерлери биргелешкен рейдке чыккан учурда ооган аскери британиялыктарга ок чыгарып, үчөөн өлтүргөнү айтылууда. Дагы төрт аскер жарадар болгон. Окуянын чоо-жайы азырынча белгисиз. Ооган бийликтери бул иш кылдат иликтенээрин айтышты.