Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:25

АКШ ирандык окумуштуу өлкөдөн эркин чыгып кете берсе болот деди


АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Филип Кроули "Шахрам Амири Америкада өз эрки менен жүргөнүн, кеткиси келсе өз эрки экенин" айтты. Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки Пакистандын Вашингтондогу элчилигинде баш калкалап турган ирандык окумуштуу Шахрам Амириге өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деп билдирди. Моттакинин айтымында, өзөктүк энергия боюнча окумуштуу-физик Амири тезинен Иранга кайтууну каалап жатат. Бир жыл мурда ал Сауд Арапстанга зыяратка барганда жоголуп кеткен. Расмий Тегеран аны америкалык атайын кызматтар уурдашкан деп айыптады. АКШ болсо муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG