Францияда парламент бүгүн мусулман аялдары кийчү никабка тыйуу салган мыйзам долбоорун жактырды. Мыйзам жактырылгандан кийин Франциянын Юстиция министри Мишель Аллиот Мари муну “Республика туу туткан баалуулуктардын жеңиши” катары сыпаттады. “Ал - жеке адамдын өзгөчөлүгүн жашырган репрессияга каршы эркиндик, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу жөнүндөгү эркиндик”, - деди Аллиот Мари. Мыйзам долбооруна каршы болгондор аны адамдын жеке укугун бузуп, конституцияга каршы келет дешет. Мыйзамды бузгандарга 150 евро айып пул тагылаары айтылган. Францияда 5 млн.дой мусулман бар. Алардын 2000 бетти толугу менен жапчу никаб кийип жүрөт. Мыйзам долбоору сентябрда Сенатта каралмакчы.