Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Францияда парламент паранжыга тыюу салды


Бельгияда парламент алдында никабчан аялдар акцияга чыгышкан
Бельгияда парламент алдында никабчан аялдар акцияга чыгышкан

Франциянын мыйзам чыгаруучулары коомдук жайларда кыз-келиндердин бети-башын чүмкөп, паранжычан жүрүшүнө тыюу салган талаштуу мыйзамды жактырышты. Буга чейин андай мыйзам Бельгияда кабыл алынган.

Мурдатан күтүлгөндөй, Франция парламентинин төмөнкү палатасында көпчүлүк аталган мыйзамды колдоп добуш берди. Добуш берүүдөн кийин Франциянын юстиция министри Мишель Алио-Мари: “Бул республиканын ийгилиги. Ар кандай куугунтук-кысымдан эркин болууну, ар бир жеке адамды басынтууга каршы турган, аял менен эркектин тең укуктуулугун жогору койгон системанын жеңиши”, - деп белгиледи.

Жогорку палата, же Сенат мыйзамды күзүндө караштырат. Ошондон кийин Франция балким, кыз-келиндердин паранжы жамынып жүрүүсүнө тыюу салган Бельгиядан кийинки экинчи европалык өлкө болуп калышы мүмкүн.

Бул мыйзамга ылайык, ага баш ийбей, коомдук жерде бети-башын кара, же башка өңдөгү никаб менен чүмкөгөн аялдарга 185 долларлык айыппул тагылат, же француз жараны болуунун эрежелери боюнча атайын сабакка катышуу талап кылынат. Кызын, келинин, же дагы башка жакынын никабчан жүрүүгө мажбурлаган үй бүлө мүчөлөрү бир жылга абакка кесилип, же 38 миң долларлык айыпка жыгылат.

Франция – мусулман калкынын саны жагынан Европада алдыңкы орунда турат. Өлкөнүн 64 миллиондой калкынын 10%ына жакыны мусулмандар, алардын басымдуу бөлүгү ата-бабасы Алжир менен Мароккодон чыккандар. Изилдөөлөргө караганда, алардын аз гана бөлүгү, тагыраак айтканда 2000ге жетпеген кыз-келин гана бутунун учунан башына дейре чүмкөнүп, жүзүн чүпүрөк артына жашырып жүрөт.

Мыйзамдын жактоочулары никабчан жүрүү - Франциянын секулярдык баалуулуктарына карама-каршы көрүнүш, атүгүл коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептешет. Айрым француз саясатчылары андай аялдарды “тирүүлөй басып жүргөн табытка” салыштырып, аларды боштондукка чыгарууга үндөп чыгышты.

Францияда бирок, бул мыйзам жарандардын укуктары менен эркиндиктерин бузат дегендер да жок эмес. Алар айрым мыйзамгерлер бул маселени улам көтөрүп чыгып, ультра-улутчул шайлоочуларды өзүлөрүнө тарткысы келет деген пикирде.

Франциядагы мусулмандар биримдиги ислам дининде кыз-келиндер тулку-боюн бүт бойдон жашырып жүрсүн деген талап жок экенин кайталап, ошентсе да мыйзам Сенатта да кабыл алынса, ал өлкөдөгү бардык мусулмандарга көлөкө түшүрөт деп эскертти.

Париждик эксперт, Франциянын тышкы иштер министрлигинин ислам боюнча мурдагы кеңешчиси Оливер Рой коомчулуктагы ар кыл пикирди эске алуу керектигин айтат. “Франциянын конституциялык соту никабга толугу менен тыюу салынышына каршы. Маселе ага таптакыр тыюу салууда эмес. Болгону аны кийип жүрүүгө чектөө киргизүүдө. Кыязы, биз акыры коопсуздук үчүн гана мектептерде, аэропорт, өкмөттүк жана коомдук мекемелерде гана тыюу салат окшойбуз. Маселе коопсуздукта жана ошол эле маалда тең укуктуулукта жатат”, - дейт париждик эксперт.

Францияда буга чейин окуу жайларда жоолук салынып жүрүүгө, же башка диний символдорго тыюу салынган. Коомдук сурамжылоолор Европада калктын көбү никабга тыюу салууну колдой турганын көргөзүүдө. Кошумчалай кетели, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда окуу жайлар менен өкмөттүк мекемелерде жоолукчан жүрүүгө тыюу салынган.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG