Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Жаштар министрлигинин түзүлүшүнө каршы акция өтөт


Мындай маалымдаманы жарандык коомдун өкүлү Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкек шаарынын мэриясына тапшырды. Акция 29-июлдан 6-августка чейинки убакытка белгиленген. Ө.Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, акция учурунда “Кыргызстанга Жаштар министрлиги керекпи?” деген суроо элге таратылып, анын жыйынтыгы президент Роза Отунбаевага жөнөтүлөт.

“Азыр жаштарды өтө эркелетип жатабыз. Жогорку окуу жайды бүтө элек жатып мандат талашып, креслого отуруп жатышат”, - дейт Ө.Токтонасыров. Ал тажрыйбасыз жаштарга бюджеттен каражат бөлүүгө каршы жана ал акчаны Ош-Жалал-Абадды калыбына келтирүү, түштүктөгү тополоңдон улам окууга барбай калган балдардын билимине көңүл бурууну сунуштайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG